Спорт агенттиги Мамлекеттик тил күнүн белгиледи
Бүгүн, 23-сентябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө жана Кыргызстандын президентинин "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу максатында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, агенттикке караштуу дирекциялардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле Олимпиадалык резервдер адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин директорлору жана өкүлдөрү катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө кыргыз тилинин өнүгүшүнө жана жайылышына кошкон салымы үчүн Спорт агенттигинин бир нече кызматкерине Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын атынан алкыш баракчалары тапшырылды.
Майрамдык иш-чаранын алкагында улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыз тилине арналган көркөм окуулар, театрлаштырылган көрсөтүү, концерттик номерлер тартууланды. Ошондой эле кыргыз элинин салттуу “тушоо кесүү” жөрөлгөсү көрсөтүлдү.
Иш-чаранын соңунда катышуучуларга атайын номинациялар ыйгарылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















