49 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясын төлөөдө жеңилдик алды
2025-жылдын 1-сентябрына карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган 49 510 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, 2022-жылдан тартып 16 жашка чейинки балдары бар жана "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүлүп келе жатат. Мындай колдоо өлкө башчысынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясынын төлөмүн төмөндөтүү аркылуу колдоо чаралары жөнүндө" жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Аталган жарлыкка ылайык:
- 2022-жылдан тартып айына 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясын пайдаланган үй-бүлөлөр үчүн 1 киловатт-саат баасы 50 тыйын өлчөмүндө белгиленген;
- 2024-жылдын май айынан тартып тариф жаңыланып, 55,4 тыйын өлчөмүндө болуп белгиленген.
Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучулардын жаңыланган тизмесин ар ай сайын Энергетика министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүп, жарандарды жеңилдетилген тариф менен камсыздоону камсыз кылышууда.
2025-жылдын 1-сентябрына карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган 53 680 үй-бүлөнүн ичинен 49 510 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп, бул жалпы алуучулардын 92,2 пайызын түздү.
Айрым үй-бүлөлөрдүн жеңилдик ала албай калышынын негизги себептери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- арендалык батирлерде өзүнчө эсептик эсептеринин жоктугу;
- дачаларда жашаган жарандардын турак жайына тиешелүү укук тастыктоочу документтердин (кызыл китептин) жоктугу;
- өндүрүштүк жайларда убактылуу жашоо;
- электр энергиясы жетпеген шарттарда жашоо (кашараларда, жаңы салынган, бирок электр тармагына кошула элек үйлөрдө же энергокомпаниялар менен келишим жок болгон учурларда).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















