Транспорт министрлиги ашуулардагы абал боюнча билдирүү таратты
Бүгүн, 23-сентябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караган Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерине байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.
Белгилей кетсек, Кыргызгидромет кызматы 23-24-сентябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөрүн эскерткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:43
2025-11-21
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















