Оштогу Кең-Сай аймагына бир катар социалдык объекттер курулат
Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен бирге Кең-Сай жаңы конушунда курулуучу социалдык, экономикалык жана административдик имараттар үчүн каралган жерлерди көрүп чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, бул жерге алгачкылардан болуп бала бакча, мектеп, ФАП жана дүкөн сыяктуу зарыл социалдык объекттер курулат.
Негизинен Кең-Сай тилкесинен жалпы 3800дөн ашуун жаранга жер тилкелери бөлүнүп берилген. Аймакта 7 мектеп, 6 бала бакча, 31 көп кабаттуу үй, поликлиника, мечит, мончо, май куюучу жайлар үчүн орун каралган.
"Конушка ичүүчү жана суугат суу тартылып, электр энергиясын берүү иштери алдыга жылгандан бери жер ээлери курулуштарын түптөй башташты",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















