super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Маданият министрлиги "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды

 
Бүгүн, 23-сентябрда Улуттук илимдер академиясында Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулду. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары министрлик жана мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил боюнча адистер, Бишкек шаарынын мэриясынын жана шаардык кеңештин өкүлдөрү, Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, Улуттук тил комиссиясынын Кеңешме органынын мүчөлөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан белгилүү тилчилерге, мамлекеттик кызматкерлерге жана жарандык активисттерге Ардак грамоталар жана атайын сыйлыктар ыйгарылды.
Ошондой эле буга чейин мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарында мамлекеттик тилдин абалына байланыштуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгынын негизинде, алдыңкы беш мекеме "Кыргыз тили" төш белгиси менен сыйланды. Алардын катарында Маданият министрлиги да бар.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борбору тарабынан даярдалган 26 китептин көргөзмөсү сунушталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: