Комитет айыл өкмөт башчысын тандоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети айыл өкмөт башчыларын тандоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, 3 окууда жактырды.
Жыйында документ менен мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды.
Белгилей кетсек, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала албайт.
"Учурда өлкөнүн бир катар райондорунда айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундары бош турган кырдаал түзүлдү. Көп учурда дайындалган айыл өкмөт башчылары 3-4 ай бою өз милдеттерин аткарып, андан кийин кызматын таштоого аргасыз болушат. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туруктуулугуна жана натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет.
Түзүлгөн кырдаалдын себептери болуп айыл өкмөт башчысы кызматына башка айыл аймактарга дайындалган адамдарда пайда болгон кошумча материалдык жана тиричилик кыйынчылыктары саналат. Мажбурлап көчүү жана турак жайды ижарага алуу алардын каржылык абалын кыйындатат",- деди Базарбаев.
Ал эми сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда аталган берененин 3-пунктун жокко чыгаруу сунушталууда. Тактап айтканда, тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала алат.
Аталган мыйзам долбоору Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыгып, 11-сентябрда коомдук талкууга коюлган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















