super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте Кыргыз-Түрк өкмөттөрүнүн соода-экономикалык кызматташтык боюнча жыйыны өттү

 
Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Жыйын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында өттү.
Министрликтин атынан министрдин орун басары Медер Туманов сөз сүйлөп, өткөн жыйында жетишилген жыйынтыктарды белгилеп, алдыдагы мезгилде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пландарын сунуштады.
Тараптар экономика жана инвестициялар, саламаттыкты сактоо, билим берүү, өнөр жай жана башка тармактар боюнча кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Жыйындын соңунда протоколго жана бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, Кыргыз-Түрк өнөктөштүгүн кеңейтүү боюнча маанилүү кадамдар белгиленди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: