super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Байтиктеги жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө шектелип айылдык депутаттар кармалышты

 
Чүйдөгү Байтик айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары айылында жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактысы боюнча коррупциялык схемага шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 7-июлда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгына Аламүдүн районунун Байтик айылынын тургундары кайрылып, аталган айылдын кызмат адамдарына чара көрүүнү суранышкан. Алардын айтымында, 2019-2024-жылдар аралыгында Байтик айыл өкмөтүнүн аймагында белгиленген тартиптерди бузуп, кезексиз түрдө 25 жаранга 2 гектардан ашык жер тилкеси мыйзамсыз берилген.
Бул факт Чүй ОИИББде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкелерин кезексиз жана мыйзамсыз берүү, аларды аффилирленген адамдардын наамына каттоо аркылуу кийинкиде сатып, пайда алуу максатында уюштурулган коррупциялык схемалар аныкталды. Мурда бул кылмыш ишинин алкагында Байтик айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 1975-жылы туулган А.А. жана учурдагы жер адиси 1992-жылы туулган С.Б. кармалган.
Тергөөдө жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бул кылмышка катыштыгы аныкталып, 1992-жылы туулган Ч.Ж., 1987-жылы туулган А.М. жана 1991-жылы туулган Э.Ю. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча башка адамдардын катыштыгын аныктоо багытында тергөө иштери улантылууда.
Маалымат үчүн: Байтик айылындагы бир жер тилкесинин базардык баасы 70 000-100 000 АКШ долларын түзөт.





Чүйдөгү Байтик айыл өкмөтүнүн депутаттары кармалышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: