Талас райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди (фото)
Бүгүн, 23-сентябрда Талас райондук прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Жаңы имаратты башкы прокурор Максат Асаналиев салтанаттуу түрдө ачып, өз сөзүндө жаңы имараттын пайдаланууга берилиши аймактагы прокуратура органдарынын ишин сапаттуу деңгээлде жүргүзүүгө, жарандарды укуктук жактан ыкчам жана натыйжалуу тейлөөгө, ошондой эле кызматкерлер үчүн бардык шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болорун билдирди.
"Учурда өлкөбүздөгү прокуратура органдары үчүн дагы бир катар жаңы административдик имараттар жана кызматтык үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Бул өлкө жетекчилигинин укук коргоо тутумун чыңдоого жана прокуратура кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көрүп жаткан зор камкордугунун айкын далили болуп саналат",- деп белгиледи ал.
Талас райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты заманбап талаптарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн иштөөгө ыңгайлуу шарттар жана жарандарды кабыл алууга ылайыкталган кеңири мүмкүнчүлүктөр менен камсыздалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















