super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УКМК "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун лидерин кармады (фото)

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-сентябрда диний-экстремисттик уюм катары таанылган "Хизбут-Тахрир" уюмунун лидерин колго түшүргөнүн бүгүн, 23-сентябрда маалымдады.

Анда айтылгандай, кармалган жаран 1986-жылы туулган М.К., ал экстремисттик идеологияны жайылтып, жаңы тарапташтарды тартуу менен алектенген.

М.К. буга чейин да экстремисттик ишмердүүлүк үчүн жоопкерчиликке тартылганы белгиленди. Ал жашаган жерди тинтүү учурунда экстремисттик мазмундагы диний адабияттар табылып, алар боюнча тиешелүү экспертиза жүргүзүлүүдө.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Атайын кызмат жарандарды диний-экстремисттик уюмдарды түзүү жана ага катышуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331 жана 332-беренелерине ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: