Сүйүнбек Касмамбетов БШКнын мүчөлүгүнө сунушталды
Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнүн 2 бош орунуна Сүйүнбек Касмамбетов менен Кабылбек Мамбетаиповдун талапкерлиги каралды.
Алгач комитет мүчөлөрү БШКнын мүчөлүгүнөн Анар Дубанбаеваны өзү жазган арызынын негизинде кызматтан бошотуу маселесин карап, жактырышты.
Андан соң президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго БШКнын мүчөлүгүнүн бош орундарына президент Садыр Жапаров сунуштаган талапкерлер менен тааныштырды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү алардын талапкерлигин колдошту.
Буга чейин БШКнын мүчөлүгүнөн Гүлшаркан Култаева бошотулган.
Эске салсак, май айында Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан кеткен. Кабылбек Мамбетаипов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын директорлук кызматын аркалайт.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















