Бишкектеги социалдык мекемелерде мамлекеттик тил күнү белгиленди
Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү департаментинин социалдык мекемелеринде мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда мэриядан билдиришти.
Майрамдык программалар "Үмүт үйү", "Айданек" балдарды реинтеграциялоо борбору жана "Ак ниет" борборунда өттү. Тарбиялануучулар жана социалдык кызмат алуучулар кыргыз тилинде ырларды жана чыгармаларды окуп, викториналарга жана чыгармачылык конкурстарга катышып, жагымдуу маанай тартуулашты.
Мекемелердин кызматкерлери жана жетекчилери кыргыз тилин сактоо улуттук иденттүүлүктүн жана элдин руханий биримдигинин маанилүү бөлүгү экенин белгилешти. Мындай иш-чаралар эне тилин сүйүүгө жана урматтоого, патриоттуулукту калыптандырууга, маданий мурасты жаш муунга өткөрүп берүүгө жардам берет.
"Департамент кыргыз тилин чыңдоого жана биздин кайталангыс маданиятыбызды сактоого багытталган бардык демилгелерди мындан ары да өзгөчө көңүл буруп, колдоону улантат", - деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















