"Жакшы сүйлөп отуруп берем дегенсиз". Депутаттар жанаша отуруп алып кайым айтышты
Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков менен анын орун басары Алишер Эрбаевдин ортосунда кайым айтышуу болду.
Отурумда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн унааларга өтө жарык кылуучу лампаларды орнотууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралып жаткан. Талкууда Эрбаев жол тескөөчүлөрүнүн ишин сынга алып, унааларга болгон текшерүүнү жакшы жүргүзбөй жатышканын айтты.
Өмүрзаков кесиптешин милиция кызматкерлерин сындабай, мыйзам долбоорун талкуулоого чакырды. Эрбаев ага комментарий берүүгө укугу жок экенин эскертти. Өмүрзаков төрага катары укугу бар экенин айтты.
"Сизди төрага кылып биз шайлаганбыз. Мен сиз менен кайым айтышайын деген жокмун", - деди Эрбаев.
Өмүрзаков кесиптешине: "Сизди дагы мен шайлагам, сиз сурангансыз, "келип мыйзам бузбай, жакшы сүйлөп отуруп берем жаныңызга" дегенсиз. Сиз министрликке асылбай, мыйзам долбоорун айтыңыз. Жаман иштейби, жакшы иштейби ага баа берилет. Факты боюнча айтыңыз", - деди.
Эрбаев: "Менин сиздин комитеттен тышкары өз оюм бар, депутат катары".
Өмүрзаков: "Тездетиңиз эми, сурооңузду бериңиз. Сиз мени окутпаңыз. Мен өзүм билем, төрага катары".
Эл өкүлдөрү андан ары жарыша айтышын улантып, анан токтошту.
"Жакшы сүйлөп отуруп берем" дегенсиз". Депутаттар жанаша отуруп алып кайым айтышты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















