Бишкекте Кытайдан алынып келинген электробустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт
Бишкекте электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда борбор калаанын мэриясы билдирди.
Маалымдагандай, электробустар 25-сентябрдан тартып 2 баскыч менен каттамга чыгат. Алгачкы этапта электробустар №4, №10, №11 каттамдарга чыгарылса, кийинки апта ичинде №14, №66 жана №33 каттамдарга чыгарылат.
"№66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар. Ал эми 11-номурдагы каттам мурдагы троллейбустун кыймылы жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жыл башында Кытайдан 120 жаңы электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















