super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Футболдо жылдын мыкты чабуулчулары аныкталды

 

"Арсеналдын" чабуулчусу Виктор Дьёкереш "жылдын эң мыкты чабуулчусу" деп табылды. 27 жаштагы швед футболчуга France Football журналынын Герд Мюллер кубогу тапшырылды.

Өткөн сезондо ал "Спортинг" клубунда ойногон. Футболчу 52 оюнда 54 гол киргизип, 11 голдук пас берген. Ал клубу менен Португалия лигасын жана Португалия Кубогун утуп алган. Бул анын карьерасындагы биринчи сыйлык болуп калды.

Жайында Дьёкереш "Спортингден" "Арсеналга" 65,8 миллион еврого өткөн.

Сыйлыктын аялдар категориясын "Барселонанын" оюнчусу Эва Пайор жеңип алды. Польшалык чабуулчу мыкты сезон өткөрүп, клубу менен Испания чемпиондугун жеңип, ошондой эле "Барселонаны" Испания Кубогунда жана Суперкубогунда жеңишке жеткирди. Пайор каталондук командага Чемпиондор Лигасынын финалына чыгууга да жардам берген. Ал 62 оюн өткөрүп, 47 гол киргизсе, 19 голдук пас берген.

Мындан тышкары France Football журналы футболдогу жылдын мыктыларын аныктап, сыйлыктар тапшырылды. "Алтын топ" Усман Дембелеге тийди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: