Адам чыдагыс трагедия. Жапаров БУУнун жыйынында Газадагы согушту токтотууну белгиледи
“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?”,- деп суроо салды Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.
Басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи. Ал бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабоого чакырды.
“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!”,- деди Жапаров.
Президент тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу: "Эки эл үчүн – эки мамлекет" принцибин ишке ашыруу экенин баса белгиледи. Ал Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин айтты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















