Садыр Жапаров БУУда: "Негизсиз санкциялар - Кыргызстанга каршы басым"
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында сүйлөп, Кыргызстанга карата негизсиз санкциялар өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү жана экономикага басым экенин билдирди.
Жапаров өлкө экономикасын бекемдөөгө аракет жасап, эл аралык милдеттенмелерди так аткарып жатканын белгиледи.
"Бирок биз жарандарыбыздын кызыкчылыгын жана өнүгүүсүн курмандыкка чала албайбыз",- деди ал.
Президент санкциялар айрым жалган маалыматтарга негизделгенин айтып, көз карандысыз эл аралык аудиттерди өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Ал 2024-жылы Европа биримдиги Орусия менен 141 миллиард долларга, Улуу Британия 2,2 миллиард долларга соода кылганын мисал келтирди.
"Бизден Орусия менен кызматташпоону талап кылып жатасыздар, өзүңүздөр болсо активдүү кызматташып жатасыздар",- деди Жапаров.
Кыргызстанда экономикалык жактан Оруссия менен кызматташпай коюуга мүмкүнчүлүгү жок экенин кошумчалады.
"Менин биринчи милдетим - жарандарымдын коопсуздугун жана өлкөнүн экономикасын жакшыртуу",- деп сөзүн жыйынтыктады мамлекет башчысы.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















