super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Улуу Британия НАТО өлкөлөрүнүн аба мейкиндигин коргоого даяр экенин маалымдады

 

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Иветт Купер Орусия-Украина кризисине байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөсү НАТО аба мейкиндигин коргоого катышууга даяр экенин айтты.

"Акыркы аптада биз Эстония, Польша жана Румынияда НАТО аба мейкиндигин чагымчыл жана этиятсыз бузуу фактыларын көрдүк, НATO муну кескин айыптайт. Биз аракет кылууга даяр болобуз",-деди ал.

Буга чейин Эстониянын премьер-министри Кристен Михал Орусиянын МиГ-31 учактары өлкөнүн аба мейкиндигин бузду деген шек менен НАТОго консультация суроого кайрылганын билдирген.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги бул айыптоолорду четке каккан. Орусия тарап учактар Карелиядан Калининград аймагына пландалган учуу жасап, эл аралык эрежелерди так сактап, башка мамлекеттердин чек араларын бузбаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: