super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсүнө "Эмгек баатыры" наамын берүү сунушталды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо парламенттин 24-сентябрдагы жыйынында "Шоро" компаниясынын жана "Супара" этнокомплексинин негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевге "Эмгек баатыры" наамын берүүнү сунуштады.

Депутаттын айтымында, анын дарегине бул сунуш боюнча кыргыз интеллигенциясынан кайрылуу түшкөн.

"Бүгүнкү күндө Табылды Эгембердиевдей инсандарыбыз өтө сейрек. Бул инсанды "Эмгек баатыры" сыйлыгына көрсөткөнүбүз эң туура болот деп ойлойм",- деди Самыйкожо.

Ошондой эле эл өкүлү Кыргыз Республикасынын Эл акыны Шайлообек Дүйшеевге да "Эмгек баатыры" наамын берүүнү сунуштады.

Маалымат үчүн: Табылды Эгембердиев 1951-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы Жумгал айылында туулган. 1992-жылы "Шоро" жабык акционердик коомун негиздеген жана алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү ишин жайылткан. 2011-жылы Бишкектин чет жагында "Супара" этнографиялык комплексин түзгөн. 2011-жылдан тартып Ордо федерациясынын президенти болуп иштеген. Базар экономикасынын шарттарындагы жемиштүү эмгеги үчүн "Даңк" медалына ээ болгон.

Эгембердиев 2015-жылы 16-майда узакка созулган оорудан кийин каза болгон.







Депутат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: