Бишкекте 30-сентябрда саат 09:00дөн 15:00гө чейин ичүүчү суунун берилиши убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Суу төмөнкү объекттерге берилбейт: турак жайлар, мектептер, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо жайлары, социалдык-тиричилик жана өнөр жай объекттери.

Суу өчүрүлүүчү аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Панфилов көчөсү, Манас проспекти, Фрунзе көчөсү – темир жол линиясы.

Таза суу "Тоголок Молдо" суу алуу жайында жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктарды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.