super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бангкок – жандуу жана контрасттуу ири шаар (блог)

 

Порталыбыздын #Sayakattime рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Азиядагы эң жандуу, ири шаарлардын бири Бангкок тууралуу кеп кылабыз. Бул шаар тарыхый храмдары, заманбап соода борборлору, базарлары жана түрдүү көчө тамактары менен туристтерди арбап турат.

Багкок – түстөр, үндөр жана көз жоосун алган көрүнүштөр менен толгон Таиланддын борбор калаасы. Бул шаардын аталышы Гиннесс китебине эң узун географиялык аталыш катары киргизилген. 168 тамгадан турат жана төмөндөгүдөй аталат:

Крунг Тхеп Маханакхон Амон Раттанакосин Махинтараюттхая Махадилок Пхоп Ноппарат Ратчатхани Буриром Удомратчанивет Махасатан Амон Пиман Аватан Сатит Саккатхаттийя Витсанукам Прасит.

Жергиликтүү эл бул шаардын аталышын кыскартып Крунг Тхеп деп эле коюшат экен. Мааниси – "Периштелердин шаары, чоң шаар". Калкынын саны расмий түрдө 8 миллион, бейрасмий 12 миллион.

Бангкокко келгенимде биринчи сезгеним – калаанын башымды айландыра турган чоңдугу жана тыгыз кыймылы болду. Асман тиреген имараттар, унаалардын үзгүлтүксүз агымы, көчөлөрдөгү түстөрдүн жана жаркыраган жарыктардын аралашмасы – баары бир заматта көңүлүмдү өзүнө бурду.

Эң өзгөчөсү – Кинг Пауэр Маханакон (King Power Mahanakhon) имараты. Кабаттары асманга жеткендей бийик. Имарат 77 кабаттуу, жогорку кабатына чыгып караганда кооз панорамалык көрүнүш ачылат, ал эми төмөн караганда адамдар түстүү чекиттерге окшошуп, тынымсыз унаалар, транспорттор болсо кумурсканын кыймылындай эле көрүнөт экен.

Эстетикалык өзгөчөлүгү – имараттын сырткы бетиндеги "пикселдештирилген" дизайны аны уникалдуу кылат.

Бангкоктун храмдары да өзүнчө керемет. Бир нече храмга барганда, алтындан жасалган айкелдер жана кооз оюм-чиймелер менде терең таасир калтырды. Храмдарга киргенде ийиндер жана тизелер жабык болушу керек экен.

Бул калаада мени эң таң калтырганы – таксилердин түстөрү болду. Жергиликтүү адамдардын айтымында, жуманын ар бир күнү өзүнүн түсүнө ээ. Дүйшөмбү күндүн түсү сары (алтын сары), шейшемби күндүкү ачык кызгылтым-кызыл түс, шаршемби күнү үчүн жашыл, бейшемби күнү ачык саргыч же крем түс, жума күнү көк, ишемби күнү күлгүн, жекшемби күнү кызыл түс. Ким кайсы күнү төрөлсө, ошол күндүн түсү ага ийгилик алып келет деп эсептелет. Бул түстөргө такси кызматкерлери өзгөчө маани берип, унааларынын тең жарымын төрөлгөн күндүн түсүнө боёп коюшат. Мындай көрүнүш шаарды дагы кызыктуу, дагы түстүү кылып көрсөтөт экен.

Бангкоктун көчөлөрү түгөнгүс энергияга толгон. Таиланд нудлдары, манго менен жасалган десерттер жана көчө дүкөндөрүндөгү өзгөчө таттуулар, айтор, баарын бир күндө даамдап көрүүгө жетише албагандай түрдүү тамак-аштары бар. Мындай көчөлөр туристтер үчүн түгөнгүс эксперимент зонасы экен.

MRT жана BTS жеңил метро системалары шаар ичинде кыймылды жеңилдетет, түштөн кийин болсо кайык жана суу таксилер кеңири колдонулат.

Белгилей кетчү нерсе, калаа суу шаары катары да белгилүү. Бангкокто "клонгдор" деп аталган каналдар көп, жана шаарды "Дарыялар шаары" деп да атап коюшат. Туристтер кайык менен суудан саякаттап, шаарды башка ракурста көрө алышат.

Мен болсо күн батып баратканда дарыянын жээгиндеги кеме-ресторанга отуруп, суунун үстүндө сүзүп жүрүп тамактандым. Күндүн акыркы нурлары суу бетине чагылып, шаар менен табияттын гармониясы биригип, абдан романтикалуу өзгөчө учурду тартуулады.

Бангкоктогу эң белгилүү, көрүүгө арзый турган жерлер:

  • Гранд Палас (Grand Palace) – Таиланд королдугунун тарыхый борбору. Алтындан жасалган декорациялары, храмдары жана музейлери менен туристтерди таң калтырат.
  • Ват Пхо (Wat Pho) – "Жата турган Будда" храмы. Бул жерде таиланд массаж мектеби жайгашкан жана храмдын кооз мозаикасы абдан белгилүү.
  • Ват Арун (Wat Arun) – Чао Прайа дарыясынын жээгиндеги күн батканда кереметтүү көрүнүшү менен белгилүү храм.
  • Чатучак базары (Chatuchak Market) – дүйнөдөгү эң чоң базарлардын бири, кол өнөрчүлүк буюмдар, кийим-кече, сувенирлер менен толгон. Бул базар 15 000ден ашык дүкөндөрдү камтыйт жана аптасына бир жолу туристтерге ачылат.
  • Канал жана дарыялар (Khlongs & Chao Phraya River) – дарыядан кайык менен саякаттоо мүмкүнчүлүгү бар.

Коёндой окшош күнүмдүк жашоодон бир аз чарчап, жан дүйнөңүз ар түрдүүлүктү талап кылып жатса же өзгөчө бир тажрыйбаларды каалап жатсаңыз, Таиланддын борборуна келип, эс алып кетүүңүздү сунуштайм.


кошулду





Бангкок - жандуу жана контрасттуу ири шаар

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: