Тажикстанда кызын жана эки уулун бычактаган аялга сот өкүм чыгарды
Тажикстандын Кубодиён районунунда 24 жаштагы Ю. Б. аттуу аял киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп табылып, 28 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазышты.
Маалыматтарга ылайык, өкүм мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек жана тараптар ага даттанууга укуктуу. Аялдын мындай кадамга баруусунун себептери айтылган жок.
Эске салсак, быйыл 21-июнга караган түнү аял алты айлык кызын жана төрт, беш жаштагы эки уулун бычак менен жарадар кылган. Балдар ооруканага түшкөн. Кызы 5-июлда каза болгон. Балдар дарылануудан кийин чыгарылган.
Аял өзүн да бычак менен сайган, бирок жеңил гана жаракат алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:47
2025-11-21
16:02
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















