"Бирөөсү жазасыз калбасын!" Ташиев жыйында карматкан 24 кызматкерди тыкыр текшерүүнү тапшырды (видео)
Бүгүн, 24-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир катар мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдү.
Анда Ташиев жыйын учурунда кармалган 24 адам тууралуу фактылар 3 ай убакыт бою чогултулганын айтты.
"Силер кайсы маалда, кимден, канча акча алып келгенсиңер, кандай жүктөрдү өткөрүп жаткансыңар, электрондук капчык аркылуу акча алып, аны кимдерге которуп келгенсиңер, биз бардык схемаларды аныктап чыктык. Эми силер менен тергөөчүлөр иш алып барат", - деди ал.
Атайын кызматтын башчысы УКМКнын өкүлүнө шектүүлөргө мыйзам чегинде жаза чегерүүнү табыштады.
"Ар бирине катаал мыйзам чегинде, коррупциялык иштерге катышканына жараша беренелерди коёсуңар. Ар бири катаал мыйзам чегинде өзүнүн жазасын алышы керек. Бирөөсү жазасыз калбасын! Эч кимди бул ишке кийлигиштирбегиле!" - деди Ташиев.
Айта кетсек, жыйын учурунда Чүйдөгү көзөмөл-өткөрмө жайларындагы коррупциялык иштерге катыштыгы бар делип 24 мамлекеттик кызматкер залдан кармалды.
"Бирөөсү жазасыз калбасын!" Ташиев жыйында карматкан 24 кызматкерди тыкыр текшерүүнү тапшырды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















