"Мага сиз керек эмессиз". Ташиев чек ара кызматынын жетекчисине эскертүү берди (видео)
Бишкекте УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир катар мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөрдү.
Анда атайын кызматтын башчысы Чүйдөгү көзөмөл-өткөрмө жайларындагы коррупциялык иштерге катыштыгы бар делген 24 мамлекеттик кызматкердин атын атап, аларды залдан карматты.
Ташиев Чүйдөгү көзөмөл-өткөрүү жайлары гана текшерилгенин белгилеп, УКМК төрагасынын биринчи орун басары, чек ара кызматынын жетекчиси Адикарим Алимбаевге эскертүү берди.
"Мен сизге "Достук" посту, Кадамжайдагы өткөрүү пункту боюнча бир нече жолу айттым. Бирок дагы деле чара көрө элексиңер. Болду, эми мен аябайм. Мага сиз керек эмессиз, мага мамлекет керек. Анан мени менен чогуу иштеп жатам деп ойлобоңуз", - деди ал.
Ошондой эле жыйында транспорт министри Абсаттар Сыргабаев да эскертүү алды.
Ташиев чек ара кызматынын жетекчисине эскертүү берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















