super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте "Биздин класс" сериалы жабык түрдө көрсөтүлдү

 
Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында “Биздин класс” сериалы тар чөйрөгө жабык түрдө көрсөтүлдү.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, сериал тууралуу өз пикирин билдирди.
“Тасмада эң негизгиси күнүмдүк мектеп турмушу менен бирге ар бир баланын лидерлик сапатын ачып, ишеним арткан педагогдун чоң ролу чагылдырылган экен. Бул ишеним деп аталат. Эгерде мугалимге бала ишенсе, ал бардык нерсеге жетише алат”,- деди Кендирбаева.
Чыгармачыл топтун айтымында, “Биздин класс” сериалы “Кыргызсериал” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин башкы продюсери Жеңишгүл Өзүбекованын идеясы боюнча тартылган.
Сериалдын негизги максаты - мектеп жашоосун чагылдыруу аркылуу окуучуларга достукту бекем сактоону, бири-бирине жардам берүүнү жана мугалимдерди сыйлоону үйрөтүү. Ошондой эле мектеп мезгилин өзгөчө учур катары баалоого үндөө менен мугалимдердин эмгегинин ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү экенин көрсөтүп, мугалимдерди барктоого чакыруу экени айтылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: