Пишпек паркындагы мыйзамсыз курулуш токтотулду (фото)
Социалдык тармактарда Темир жолчулар (Пишпек паркы) паркында курулуш иштери жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат тараган.
Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объекти текшерилип, административдик чаралар көрүлдү.
Министрликтин маалыматына караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объекттин уруксат кагаздары жок, мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды. Маалым болгондой, ал жерге жеке ишкер тарабынан коомдук тамактануучу жайдын курулушу башталган. Натыйжада курулуш иштери токтотулуп, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 144-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мыйзам бузгандарга карата протокол түзүлүп 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салуу тууралуу токтом чыгарылды.
Курулуш министрлиги Кыргызстандагы курулуш иштери мыйзамдардын, айрыкча “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлүшү зарыл экенин эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















