Жапаров Нью-Йорк шаарында Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Улуу Британиянын премьер-министринин орун басары Дэвид Лэмми менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруу менен эки жактуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча практикалык өз ара аракеттенүүнү арттырууга даярдыктарын билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















