"CASA-1000" долбоору боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты
Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Борбордук Азия – Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун кошумча каржылоо "CASA-1000" долбоору боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.
Келишим Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосунда түзүлүп, ушул жылдын 12-майында кол коюлган.
Аталган мыйзам долбоорун эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы Улан Примов тааныштырды.
Айтымында, бул долбоор энергетикалык коопсуздукту, энергетикалык системдин туруктуу иштешин, суу ресурстарын рационалдуу пайдаланууну, эскпорттук потенциалды өнүктүрүүнү жана генерациялоочу кубаттуулуктарды көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
"Кошумча каражаттардын жалпы суммасы 9 миллион евро түзөт. Мөөнөтү - 29 жыл, жеңилдетилген мөөнөт - келишим түзүлгөндөн баштап 8 жыл. Пайыздык чен 3,6 пайызга чейин",- деп кошумчалады эл өкүлү.
Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору үчүнчу окууда колдоо тапты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















