super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Айыл өкмөт башчыларын тандоо тартибине өзгөртүү киргизилди

 

Жогорку Кеңеш бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында айыл өкмөт башчыларын тандоо тартибине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун 3 окууда карап, жактырды.

Жыйында документ менен мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев тааныштырды.

Анын айтымында, мыйзам долбоору айыл өкмөт башчыларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдын 52-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала албайт болчу.

Ал эми сунушталган мыйзам долбоорунда аталган берененин 3-пунктун жокко чыгаруу сунушталган. Тактап айтканда, эми тиешелүү айыл аймагында туулган адам айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындала алат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: