super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Төрага: "Депутаттар жаңы парламент шайлангыча ыйгарым укуктарын сактап турушат"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу VII чакырылыштын депутаттарынын ыйгарым укуктары жаңы парламент шайланып келгенче сактала турганын айтты. Мындай пикирин төрага бүгүн, 25-сентябрдагы парламенттин жыйынында билдирди.

Айтымында, парламенттин VIII чакырылыштагы депутаттары Жогорку Кеңеште ант бергенге чейин депутаттардын ыйгарым укуктары сакталат.

"Мыйзамга ылайык, эгерде өзгөчө кырдаал болсо, Жогорку Кеңештин төрагасы катары кезексиз сессия чакырууга ыйгарым укуктарым бар. Биз аракеттеги парламент болуп кала беребиз",- деди төрага.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу боюнча чечим кабыл алынды. Аталган сунушту 32 депутат демилгелеген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Улан Примов депутаттарды таркатууга шайлоо боюнча жаңы мыйзам кабыл алынганын жана президенттик жана парламенттик шайлоолордун удаа болушу негиз болгонун билдирди.






Төрага: Депутаттар жаңы парламент шайланганга чейин ыйгарым укуктарын сактап калат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: