"Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды
22-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында "Жылдын мыкты мугалими" республикалык конкурсу өткөрүлдү. Конкурска республиканын бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча мөөрөй талашты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкүдөй сынактардан өтүштү:
- "Педагогикалык кырдаалдар" – педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;
- "Мастер-класс" – кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;
- "Сабак" – практикалык сабак өтүү сынагы.
Конкурстун жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова баш байге ээси – "Жылдын мыкты мугалими" деп табылды.
Ошондой эле калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Атап айтканда:
- Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Ардак Токтоноева мыкты башталгыч класстар мугалими;
- Ош шаарындагы №43 Бабур атындагы жалпы билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Озада Салахудинова мыкты орус тили жана адабияты мугалими;
- Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Турсуматов атындагы жалпы билим берүү мектебинин тарых мугалими Азирет Асылбеков мыкты тарых мугалими;
- Ош шаарындагы №4 Киров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Зулхумор Хафизова адам жана коом скбагы боюнча мыкты мугалим;
- Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 Тангатаров атындагы жалпы билим берүү жатак мектебинин англис тили мугалими Махабат Шорохова мыкты чет тил мугалими;
- Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектептин мугалими Эрали Абдиев мыкты география мугалими;
- Нарын облусунун Кочкор районундагы Жүндүбаева атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Надира Шаршенбаева диндердин өнүгүү тарыхы сабагы боюнча мыкты мугалим;
- Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинин музыка мугалими Кубанычбек Урпалыев мыкты музыка мугалими;
- Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Асылбек Кыдыров мыкты дене тарбия мугалими;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Пушкин атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими Айнура Чынасылова көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим деп табылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















