super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мамлекеттик катчы "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна арналган иш-чарага катышты

 

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Жогорку Сотто өткөн "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолуна арналган иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунун коомдук-саясий, укуктук жана руханий багыттарын сот системасына терең сиңирүү максатын көздөдү.

Мамлекеттик катчы өз сөзүндө уңгужол – бул улуттук идеологиянын негизги документи экенин баса белгиледи. Анын максаты – адептүү, мекенчил жарандарды тарбиялоо, мамлекеттик институттарды бир багытта өнүктүрүү жана коомдун руханий коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Сот системасынын ролуна токтолгон Марат Иманкулов адилеттүүлүк жана мыйзам үстөмдүгү уңгужолдун негизги таянычтары экенин айтып, ар бир сот кызматкерин мыйзамдуулукка жана акыйкаттыкка бекем турууга чакырды.

"Адилет сот – кубаттуу мамлекеттин тиреги. Ар бир кызматкер элдин үмүтүн актай турган ишенимдүү өкүл болушу керек", – деди мамлекеттик катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: