"Көрсө, мунун жакшы жүргөн учурлары болот экен". Эрдоган Макронду мыскылдады
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясы алкагында Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен болгон жолугушууда аны тамашалады. Журналисттер сүйлөшүүнү видеого тартып алышкан. Анда Эрдогандын кесиптешине мыскылдуу комментарий бергенин угууга болот.
Алгач эки лидер котормочу аркылуу саламдашып, ал-акыбалын сурашышат. Макрон анда баары жакшы экенин айтат. Эрдоган котормочуга кайрылып, "көрсө, мунун жакшы жүргөн учурлары болот экен" деген. Чет элдик басылмалар муну мыскылдоо катары сүрөттөп жазышууда. Жүйө катары Макрондун тегерегинде болгон жагымсыз окуялар келтирилет. Анын жубайынан жаакка жегенин эске салсак да болот.
Бул Эрдогандын Макронду биринчи жолу тамашага салышы эмес. Акыркысын эске салсак, май айындагы Европанын саясий шериктештигинин саммитинде түрк лидери француз кесиптешинин манжасын кармап, бир топко чейин коё бербей койгон.
Эрдоган Макронду тамашалады
0

Супер-Инфо
super.kg видео















