БУУ трибунасына чейинки жол. Сириянын өлкө башчысынын түрмөдөгү сүрөтү жарыяланды
Сириянын президенти Ахмед Шаранын камакта жатканда тартылган сүрөтү коомчулукка жарыяланды.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, 2005-жылдан 2011-жылга чейин ал терроризмге шектелип, америкалык аскерлер тарабынан кармалып, кийин Ирак бийлигине өткөрүлүп берилген. Бирок жети жылдык абактан кийин жетиштүү далил табылбай, эркиндикке чыккан.
Бүгүн болсо ошол эле Ахмед Шара Сириянын президенти. Ал дүйнөлүк лидерлердин катарында Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасынан чыгып сүйлөп, бүтүндөй мамлекеттин атынан дүйнөгө кайрылууда.
"Бул окуя саясаттагы, тагдырдагы парадоксту, дүйнөлүк тартиптеги кайчы өзгөрүүлөрдү айгинелейт. Кечээ шектүү делген адам бүгүн мыйзамдуу мамлекет башчы болуп, эл аралык аренада үнүн чыгарып жатат. Бул бир гана Ахмед Шаранын эмес, бүтүндөй эл аралык саясаттын, дүйнөлүк тартиптин татаалдыгын, күтүлбөгөн бурулуштарын көрсөткөн мисал", - деп белгиленген маалыматта.
Белгилей кетсек, сириялык оппозиция 2024-жылдын 8-декабрында Дамаскты көзөмөлгө алып, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесин басып алган. Андан соң Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганы кабарланган. Бул арада өлкөдөн чыгып кеткен мамлекет башчысы Орусиядан башпаанек алгандыгы айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















