super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү: Блогер Айбек Уланов камактан бошотулду (видео)

 

Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү социалдык тармактарга жарыялаган блогер Айбек Уланов камактан бошотулду. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, аны камактан бошотуу чечимин Бишкектин Свердлов райондук соту кабыл алган. Сот аны күнөөлүү деп таап 100 миң сом айып пул салуу менен бошоткон.

Буга чейин келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүсү менен коомчулуктун сынына кабылып, камакка алынган Бауыржан Абдумаликов өлкөдөн чыкпоо милдеттенмеси менен бошотулган.

Белгилей кетсек, Айбек Уланов 26-майда Ош облусунун Өзгөн районунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 20 жылдык жолугушуусунан кийин киши колдуу болгон келин тууралуу билдирүү жарыялап, коомчулукта катуу талкууга алынган.

30-майда Бишкек шаардык милициясы Уланов кармалганын билдирип, анын кечирим сураган видеосун жарыялаган. Ага карата тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын, жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин кошумчалаган. Бирок коомчулук анын камакка алынбастан коё берилишин сынга алган.

Июнь айында ал кайрадан кармалып, камакка алынган болчу. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Июнь айында Айбек Улановдун агасы да кармалган. Юрист Шердор Абдыкапаров Улановду кармоо боюнча арызга кол топтоп жүргөндө анын агасы телефон чалып, коркутканын айткан.






Кара-Кулжадагы келиндин өлүмү: Блогер Айбек Уланов камактан бошотулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: