ХАМАС Газадагы башкаруусун өткөрүп берүүгө даяр
Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылы башкарууну өткөрүп берүүгө даяр. Бул тууралуу кыймылдын саясий бюросунун мүчөсү Гази Хамад билдирди.
"Газанын башкаруусуна келсек, биз башкаруудан кетүүгө даярбыз. Бизде бул боюнча эч кандай көйгөй жок", - деди ал CNN телеканалына берген маегинде.
Хамад бирок ХАМАС палестин коомунун бир бөлүгү экенин жана сүйлөшүү процессинен четтебестигин баса белгилеген. Анын айтымында, кыймылдын оккупацияга каршы күрөшүү үчүн курал колдонууга мыйзамдуу укугу бар.
Хамад сүйлөшүү процесси толук туңгуюкка кептелгенин белгилеп, күнөөнүн бир бөлүгүн АКШга жүктөдү жана Вашингтон бейтарап ортомчу катары иш кылбай жатканын айтты.
Кеп ХАМАС кыймылы Газа тилкесин көзөмөлдөөнү Палестина бийлигине өткөрүүгө даяр экенин билдирип жатканы тууралуу болуп жатат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















