Бишкекте ИИМдин академиясынын курсанттары манас айтышты
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ИИМдин академиясынын курсанттары манас айтышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-сентябрда өткөн иш-чарада курсанттар жана студенттер белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков баштаган калыстардын алдында манас айтуу сынагын өткөрүшкөн. Сынактын жыйынтыгында мыктыларга сыйлыктар тапшырылган.
Иш-чаранын соңунда эстафета өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна өткөрүлүп берилген.
Бишкекте Ала-тоо аянтында ИИМдин академиясынын курсанттары манас айтышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















