super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерлерин сөккөн айдоочу камалды (видео)

 

Бишкекте милиция кызматкерлерине баш ийбеген делип 30 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-сентябрда саат 12:00 чамасында милиция кызматкерлери унаасын каршы тилкеге ​​токтотуп койгон айдоочудан айдоочулук күбөлүгүн сурашкан. Бул учурда ал тартип сакчылары менен урушуп, агрессиясын көрсөтүп, алардын дарегине уят сөздөрдү айткан.

Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталган. Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен административдик протокол түзүлүп, Ленин райондук сотунун чечими менен үч суткага камакка алынган.

Райондук милиция ошондой эле айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 188-беренеси (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуу) боюнча да протокол түзүлүп, унаасы айып короого киргизилгенин кошумчалады.






Бишкекте милиция кызматкерлери менен урушууга барган айдоочу камалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: