Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканадан бейтап алдамчылыкка шектелип кармалды (видео)








Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканадан 33 жаштагы бейтап интернет алдамчылыгына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымакта ылайык, 28-майда Бишкектин Свердлов райондук милициясына кайрылган жаран бир нече жолу телефон чалып, өзүн УКМК жана ИИМ кызматкери катары тааныштырган белгисиз адам терминал аркылуу анын 1 миллион 13 миң сомун котортуп алганын айткан.
Иликтөө иштеринде алдамчылыкта сим-бокс аттуу атайын жабдуунун колдонулгандыгы аныкталган. Бул аппарат аталган психиатриялык мекемеден табылган. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери шектүүнү кармашкан. Ал ушул сыяктуу кылмыштары үчүн Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен мажбурлоо түрүндө дарыланып, жаза мөөнөтүн өтөп жатканы такталган.
Ал СИМ-карталарды ооруканага жашыруун жол менен алып кирип, Telegram мессенжери аркылуу алдамчылык иштерди жүргүзгөнүн моюнуна алган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө 80 даана уюлдук телефон, 72 СИМ-карта, бир нече банк карталары, казино фишкалары салынган чемодан, баңгизаттар, ошондой эле бейтаптардын ооруканадан тышкаркы жүргөн сүрөттөрү табылган.
Учурда мекеме жетекчилигинин аракетине юридикалык баа берүү боюнча иштер жүрүүдө.
Жалал-Абаддагы психиатриялык ооруканадан бейтап алдамчылыкка шектелип кармалды



1 |