super.kg logo

Эмеректерди ыргытып... Бишкектеги кафеде эч себепсиз эле чыр салган айым камалды (видео)

 

Бишкекте майда бейбаштык кылган деген шек менен 29 жаштагы айым 5 суткага камалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 2 күн мурун, тагыраагы, 26-сентябрда ал Турусбеков көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде эч себепсиз эмеректерди ыргытып, адепсиз сөздөрдү айтып, кызматкерлерге карата агрессивдүү мамиле жасаган. Факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Натыйжада ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен административдик протокол түзүлгөн. Ленин райондук соту аны камакка алуу чечимин чыгарган.






Бишкектеги кафеде эч себепсиз эле чыр салган айым камалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: