Кыргыз улуттук драма театрынын "Акыркы кат" спектакли эл аралык фестивалдын баш байгесин жеңип алды
Казакстандын Актау шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин lll эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, анда Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган "Акыркы кат" спектакли менен катышып, фестивалдын башкы сыйлыгы болгон "Эң мыкты спектакль" номинациясын жеңип алды.
Сыйлыкты калыстар тобунун төрайымы, Казакстандын көрүнүктүү театр сынчысы, профессор Сания Кабдиева тапшырды. Фестивалга жети өлкөнүн мыкты театрлары катышкан. Бул жолку фестивалдын тематикасы түрк тилдүү элдердин тарыхы болгондуктан, ар бир өлкө тарыхый спектаклдерин көрсөтүшкөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:50
2025-09-26
21:27
2025-09-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.