Колумбиянын президенти АКШда төңкөрүш жасоого аракет кылууга айыпталышы мүмкүн
Вашингтон Колумбиянын президенти Густаво Петрону АКШда төңкөрүш жасоого аракет кылган деп айыптоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Буга чейин Кошмо Штаттар анын визасын жокко чыгарганы белгилүү болгон.
Бул иштерге эмне себеп болууда?
2 күн мурун, тагыраагы, 26-сентябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүнөн кийин Нью-Йорктун көчөлөрүнө жүздөгөн демонстранттар чыгышкан. Анда БУУнун жыйынына катышуу үчүн келген Колумбия президенти демонстранттардын алдына чыгып: "Мен Америка Кошмо Штаттарынын армиясынын бардык жоокерлеринен мылтыктарыңарды адамзатка багыттабоону суранам. Трамптын буйругуна баш ийбегиле! Адамзаттын буйругуна баш ийгиле!" - деген.
Петро БУУнун жыйынында да АКШнын Палестинага жасап жаткан Израилдин чабуулуна колдоо көрсөтүүсүн айыптаган.
