super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эрдоган: "Түркия чыр-чатакка дуушар болгон коңшуларына далысын салбайт"

 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара чыр-чатакты башынан кечирип жаткан коңшуларына далысын салбастыгын жана Сирия, Украина жана Газада тынчтык орнотуу үчүн аракет кылып жатканын билдирди.

"14 жыл бою эзилген сириялыктарды бардык ресурстарыбыз менен колдодук. Көптөгөн өлкөлөр Сирия элинен жүз бурганда, биз аларды эч качан таштаган жокпуз. Орус-украин кагылышуусу учурунда да ушундай кылганбыз. Башкалар отко май чачып жатканда, биз адилеттүү тынчтык үчүн аракет кылып жаттык. Азыр Палестина менен Газа тилкесинде да ушундай иштерди жасап жатабыз", - деп келтирет чет элдик басылмалар анын Стамбулда сүйлөгөн сөздөрүн.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун Газадагы саясаттарына токтолгон Эрдоган: "Нетаньяху жана анын өлтүрүүчү күчтөрү палестиналык жарандарга эң заманбап куралдар менен кол салууда, бейкүнөө адамдардын үстүнө бомба таштоодо. Газада кары-картаңдарды жана балдарды мыкаачылык менен өлтүрүп жатышат. Газада ачарчылык массалык кыргын салуучу курал катары колдонулууда. Адам өмүрүн сактап калууга аракет кылган медицина кызматкерлери бүткүл дүйнөнүн көз алдында өлтүрүлүүдө".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: