Эрдоган Израилге каршы санкцияларды талап кылууда
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилге каршы санкциялар киргизилиши керектигин айтты.
"Израилге каршы бөгөт коюучу санкциялар, анын ичинде эл аралык спорттук чемпиондуктарга катышууга тыюу салынышы керек", - деп келтирет анын сөздөрүн чет элдик басылмалар. Ал мындай билдирүүнү кечээ, 27-сентябрда Босфор дипломатиялык форумунда жасаган.
Эрдоган ошондой эле эл аралык уюмдарды учурдагы көйгөйлөрдү чече албай жатат деп сындап, аларды алсыз деп айыптаган.
"БУУнун Коопсуздук кеңеши сыяктуу механизмдер гуманитардык кырсыктарды алдын алуу үчүн түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө көйгөйлөрдү чечүүнүн ачкычы болушу керек болгон бул структура алардын (ред.: Израил) бир бөлүгү болуп калды", - деп белгилеген.
Түрк президенти ошондой эле "Палестинаны таануунун маанилүүлүгүнө токтолуп: "Палестинаны таануу кечиксе дагы маанилүү кадам. Биз палестиналык бир туугандарыбызга жасалган каталарды оңдоо аракетин гана кубаттай алабыз", - деп кошумчалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















