super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Адылбек Касымалиев расмий сапар менен Беларуска барды 

 

Бүгүн, 28-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев расмий сапары менен Беларуска барды. Өкмөт башчыны "Минск" улуттук аэропортунан Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак тосуп алганын Министрлер кабинетинен кабарлады.

Расмий сапардын алкагында Касымалиев Беларустун президенти Александр Лукашенко, ал өлкөнүн премьер-министри Александр Турчин менен жолугушмакчы.

Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар эл аралык документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле сапардын алкагында өкмөт башчы бир катар объектилерге барат.

Мындан тышкары 29-30-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: