super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

15 миллион сом зыян келтирилген... Чүйдө подрядчы уюмдун жетекчиси кармалды

 
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чокморов айылдык аймагынын Мраморное айылына фельдшердик-акушердик пунктун жана жер астынан өткөн саркынды суулар (канализация) тармактарын курууга жана реконструкциялоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды "ВИТУ-ВИИТ" жана "АКААНА" ЖЧКлары тарабынан ыйгарып алуу фактылары аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 15 миллион 309 миң 360 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.
Аталган факт боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "ВИТУ-ВИИТ" жана "АКААНА" ЖЧКнын жетекчиси К.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча кошумча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: