Жамгыр жаап, күн сууктайт. Бишкекте апта ичинде күтүлгөн аба ырайы
Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Бишкекте бүгүн, 29-сентябрда күн ачык болот. Абанын табы +26 ... +28 градусту түзөт.
Алдыда борбор калаада бир апта ичинде күтүлгөн аба ырайын сунуштайбыз.
Шейшемби, 30-сентябрь
Бул күнү калаада күн бүркөк болуп турат, бирок жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11 ... +13, күндүзү +23 ... +25 болот.
Шаршемби, 1-октябрь
Бишкекте 1-октябрда күндүзү жамгыр жаайт, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул күнү абанын табы түнкүсүн +10 ... +12, күндүзү +17 ... +19 градус жылыйт.
Бейшемби, 2-октябрь
Баш калаада бул күнү жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6 ... +8, күндүзү +16 ... +18 градус болот.
Жума, 3-октябрь
Жума күнү борбордо түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын табы түнкүсүн +6 ... +8, күндүзү +18 ...+20 градус жылыйт.
Ишемби, 4-октябрь
Бул күнү калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6 ... +8, күндүзү +19 ... +21.
Жекшемби, 5-октябрь
Бишкекте 5-октябрда күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн +5 ... +7, күндүзү +18 ... +20 градус жылыйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















