super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 29-сентябрдан 5-октябрга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Аптанын башында аткаруучулук кызматты аркалаганыңыз жакшы. Тагыраагы, башкалардын айтканын жасап, кеңешин уксаңыз туура болот. Бейшемби, жума күндөрдөн баштап эки тизгин, бир чылбырды колго алып, өз билгениңизди кылыңыз. Чоң нерсе сатып алуу планын артка жылдыра туруңуз, чукул арада акча керек болуп калышы мүмкүн. Ден соолукту чыңдоо үчүн жашооңузга спорт кошуу керек. Дем алыш күндөрүн толугу менен үй-бүлө мүчөлөрүнө, үй тиричилигине арнаганыңыз жакшы.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Букачарлар көпчүлүктүн көңүл борборунда болгусу, мактоо сөздөрүн уккусу келет. Бирок бул идея жакшы эмес экенин эскертишет жылдыздар. Тескерисинче, башкалар менен биргеликте иштесеңиз, алардын ийгилигине себепчи болсоңуз, өзүңүз күтпөгөн жерден абройго ээ болосуз. Ички туюм бул аптада туура эмес багытка салып коюшу мүмкүн, андыктан олуттуу чечим кабыл аларда ишенимдүү адамдар менен кеңешкениңиз туура. Финансылык абалыңыз жакшырып, капчыгыңыз калыңдашы күтүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жалпысынан жакшы апта күтөт эгиздерди. Азыр башкаларда жакшы пикир жаратчу абалдасыз, андыктан жаңы жумуш издесеңиз, натыйжасы жакшы болот. Андан сырткары жаңы иш баштайм дегендерди да ийгилик коштойт. Бейшемби күнү өнөкөт оорулар тынчыңызды алып, ооруканага баш багышыңыз мүмкүн. Сүйүү мамилесинде чыдамкайлык керектелет: түгөйүңүз сиздин камкордугуңузга, мээримиңизге, колдооңузга муктаж болуп турат. Бирөөгө карата кескин сын айткандан алыс болуңуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Бойдоктор жалпы тааныштар аркылуу жаңы адам менен таанышып, ал таанышуунун натыйжасы романтикалык багытка бурулмакчы. Жаңы таанышуу, жаңы иш, баарлашуу, талаш-тартышка толгон динамикалуу апта күтөт. Убакыттан максималдуу түрдө пайдаланып калганга аракет кылыңыз. Аптанын аягында айланаңыздагы адамдардын кимине ишенсе болот, кимиси сатып кеткенге жөндөмдүү экенин ачыктай турган окуя орун алат. Дем алышта энергия толтуруу үчүн тынч жайда эс алуу сунушталат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Мал чарбачылыгы, айыл чарбачылыгындагы жумуштар менен алектенгендер эмгегинин үзүрүн көрүп кубанышат. Ал эми кеңсе кызматкерлери жумушунда майда-чүйдөгө кылдат көңүл бурбаса ката кетирип, жетекчиликтен жеме угушу мүмкүн. Эски мамилелер жанданат: бул унутта калып бара жаткан достук же болбосо мурунку романтикалык мамиле болушу ыктымал. Сизден акча карызга сурагандар болушу мүмкүн, өтө чоң эмес сумма болсо жардам колун сунганыңыз жакшы.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Дайыма эле күчтүү боло берген болбойт, жакындардан жардам сурап, колдоо күтүүнүн эч кандай уяты жок. Бул апта күрөшө билген, жыгылса тургандан коркпогондордун убактысы. Тагыраагы, астыңыздан тоскоолдуктар чыгат, моюн сунбасаңыз жеңиш сиз тарапта болот. Жеке жашоо менен сырттагы жашоонун чек арасын бөлгөнүңүз жакшы. Болбосо үйдөгүлөргө көп көңүл бөлүнбөй пикир келишпестиктер орун алат. Бул апта окуу үчүн жакшы убакыт, айрыкча психология жаатында билим алам дегендерге.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Дүйшөмбү, шейшемби бир аз көңүлдөгүдөй болбой капа кылышы мүмкүн. Аптанын экинчи жарымынан баштап ишиңиз алга жыла баштайт. Негизгиси шашпаңыз. Келечекке болгон планыңызды өзгөртө турган окуя орун алат. Каржылык жаатта онлайн алдамчылардын курмандыгы болуу коркунучу бар, сак болуңуз, акча которууларда алдын ала тактап чалып сураганыңыз оң. Апта соңу достор же үй-бүлөңүз менен сыртка чыгып эс алууну пландаганыңыз жакшы.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Чаяндар үчүн апта иш чөйрөсүндө маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келет. Жасаган жумушуңуз сизден көп энергияны, убакытты талап кылышы мүмкүн. Бирок натыйжасы купулга толуп, капчыгыңыз да кампаят. Сиздин ойлоруңузду, дүйнө таанымыңызды өзгөртө турган адам менен жолугасыз. Балдарыңыздын жетишкендигине, ийгилигине кубанып төбөңүз көккө жетет. Дем алыш күндөрү үй тиричилиги менен алек болуп, кошумча стресстен да арылып каласыз. Айдоочулар жолдо жүргөндө сак болуусу керек.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Азыр фантазияларды ишке ашыра турган убакыт эмес, андыктан көпчүлүктүн агымы менен кеткениңиз жакшы. Бейшемби, жума күндөрү ишиңизде сизден катуу тартип, тунук акыл-эс талап кылынат. Финансы жаатында акчаңызды бат көбөйтүп берем деген ишке салбаңыз, андан көрө банкка салып сактаганыңыз пайдалуу болмокчу. Туугандардын чакыруусу менен сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Жакындарыңыз менен жолугуп, сагыныч таратып, чер жаза сүйлөшүп келиңиз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Ишиңизге байланыштуу пайдалуу тааныш күтүү аптасы. Андыктан жаңы таанышуулардан качпаңыз, бирде болбосо бирде жардамы тийчү адам менен жолугасыз. Жеке жашоодо топтолуп келген таарынычтар ачыкка чыгып, түгөйүңүз менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Чыр көпкө созулуп кете электе биринчи кадамды сиз жасаганыңыз туура. Каржылык жаатта туруктуулук орун алат, ашыкча таппайсыз жана ашыкча коротпойсуз. Апта соңу карьералык өзгөрүү орун алышы күтүлөт.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Суу куярлардын айланасында атмосфера тынч болбойт. Сиздин нервиңизди, күчүңүздү, талантыңызды сынагандар чыгат. Эмоциялардын таасири астында туура эмес тыянактарды чыгарып, ката кетиришиңиз мүмкүн. Мамилелерде тең салмактуулукту сактоо да өзгөчө маанилүү. Өзүңүзгө болгон ишенимди жоготпосоңуз эле баары жакшы болот. Бейшембиде улуу адамдардын бири маанилүү кабар менен бөлүшөт же сизге керектүү кеңеш айтмакчы. Апта соңу сапарга чыгышыңыз мүмкүн.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Аптада башкаларга айкөлдүк, боорукерлик сапатыңызды көрсөтүп, тескерисинче, өзүңүзгө катаал мамиле жасашыңыз мүмкүн. Бул туура эмес, ортодо балансты сактоо керек, болбосо өзүңүз эле зыян тартып каласыз. Шаршемби, бейшемби жакшы жаңылыктары менен эсте калат. Көзүңүзгө жакшы көрүнгөн эле нерсени сатып ала бербей, сарамжал болуңуз. Аптанын аягында эч кандай жумуш пландабаңыз, андан көрө нерв системин тынчтандыра турган жайга барып эс алганыңыз жакшы.



Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: