АКШда чиркөөгө кол салуу болуп, 4 адам каза тапты (видео)
АКШнын Мичиган штатындагы Гранд-Бланк шаарында куралчан адам алгач чиркөөнүн фасадын унаасы менен сүзүп кирип, андан кийин ок атып, имаратты өрттөп жиберди. Чет элдик басылмалардын маалыматында, чиркөө дээрлик толугу менен күйүп кеткен.
Полициянын маалыматына ылайык, 8 адам жабыркап, 4 адам каза тапкан. Өрт койгон адам дагы каза болгон. Ал 40 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган. Полиция курман болгондордун саны өрт толук өчүрүлүп, имараттын калдыктары тазаланган соң көбөйүшү мүмкүн экенин билдирген. Атылган октон жараат алгандардын абалы оор экени айтылды.
Окуянын себеби азырынча иликтенип жатат.
АКШ президенти Дональд Трамп бул окуяны "христиандарга багытталган кезектеги чабуул" деп атап, "зордук-зомбулуктун эпидемиясын токтотуу зарыл" экенин билдирди. Ошондой эле ал тиешелүү органдар иликтөөнү өз колуна алганын, шектүү өлгөнүнө карабастан дагы көп нерселер аныктала турганын белгиледи.
АКШда чиркөөгө кол салуу болуп, 2 адам каза тапты

