super.kg logo

Google 10 жылдан кийин алгачкы ирет логотибин өзгөртөт

 

Google компаниясы акыркы он жылдан бери биринчи өзгөртүүнү жасап, логотибин жаңырта баштады. Бул тууралуу The Verge жазды.

Жаңы логотипте "G" белгиси мурдагыдан да бай жана жандуу градиент менен берилет.

Жаңыланган дизайн быйыл май айында Android жана iOS платформаларындагы Google колдонмолорунда чыга баштаган, эми болсо акырындык менен компаниянын бардык кызматтарына жайылтылат.

2015-жылдан бери колдонулуп келген логотипте кызыл, сары, жашыл жана көк түстөр өз-өзүнчө көрсөтүлсө, жаңы версияда бул түстөр бирдиктүү градиентке бириктирилип, өңдөрү дагы ачык жана жандуу болот. Бул өзгөрүү Google’дун Gemini сервисинде колдонулуп жаткан градиенттик логотипке шайкеш келтирилди. Компаниянын билдирүүсүндө, бул жаңылоо жасалма интеллект доорундагы Google’дун эволюциясын чагылдырат.

Ошол эле учурда Google Home "иконкасы да" жаңы стилге ылайыкталып өзгөртүлөт.

Компания толук масштабдуу жаңылоону алдыдагы айларда бүтүрүүнү пландап жатат. Жакын арада Gmail, Drive, Meet жана Calendar сыяктуу негизги колдонмолордо да жаңы градиенттик дизайн пайда болмокчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: